Освенцим (шаар)

Википедия дан

ОсвенцимПольшанын түштүгүндөгү тарыхый шаар. Малопольск воеводдугунун курамына кирет. Сола дарыясынын Вислага куйган жерине жакын жайгашкан. Калкы 40,0 миң (2010). Алгач 1117-жылдан эскерилет. 1291-жылдан шаар. Химия, тамак-аш, булгаары, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, калк китепканасы, мамлекеттик музей, Шимон Клугердин үйү (учурда еврейлер музейи), Ыйык саат мунарасы, чиркөөлөр, ратуша ж. б. бар. Туризм өнүккөн (жылына 1 млн келет). Освенцимдеги лагерь Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Улуу Ата Мекендик согушта фашист немистер колго түшкөн туткундарды өтө мыкаачылык менен ушул Освенцимдеги (немисче Аушвиц) концентрация лагеринде (аянты 4,7 миң га; анын 40 лагери болгон) өлтүрүп турушкан. Бул жерде 1 млндон ашык адам жок кылынган. 1945-ж. 27-январда Советтик Армия тарабынан бошотулган. Концлагердин ордуна музей уюштурулган. 3

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]