Осмонбеков, Арстаналы

Википедия дан

Осмонбеков Арстаналы - (1885, Наманган уезди, Кырк-Уул болушу, Тегене кыштагы —1945, Жаңы-Жол району, Афлатун кыштагы) —Түркстандагы граждандык согуштун жана Кыргызстандын түштүк аймактарында социалисттик курулуштун активдүү катышуучусу. Наманган шаарындагы орус-тузем мектебинде окуган. 1916—17-жылдаы аскер-оорук жумуштарында (Белоруссияда), «Ооруктагылардын» согушка каршы кыймылына катышкан. 1917-жылы февралда 5-курулуш бригаданын революциячыл камитетинин мүчөсү. Кызыл Гвардия жана элдик милиция отряддарын түзүүгө катышкан. 1920-жылы май айынан басмачыларга каршы күрөшүүчү ыктыярдуу отряддын командири. 1921-жылы февралдан ыктыярдуу милициянын Кыргыз атчандар өзгөчө дивизионунун командири. Парт, жана чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген. Жаңы-Жол районунда колхоз башкармасы болуп иштеген. Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине делегат болуп шайланган. Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.