Осмонов Бектур

Википедия дан

Осмонов Бектур (1896, Тоң району -1976, ошол эле жер) - комузчу.

Абактын, Серкёбайдын, Муратаалынын күүлөрүн черткен. Ошону менен бирге өзү жашаган доорго, турмушуна, табыйгат көрүнүшүнө арналган «Акыйкат», «Жайлоо кербези», «Кичи кербез», «Чоң кербез», «Жакшы адамдын мүнөзү», «Боз балдар кыялы», «Назик шыңгырама», «Салганат шынгырама» ж. б. күүлөрдү чыгарган. 1962-ж. Кыргыз улуттук телерадиосунун алтын фондуна 40тан ашык күүлөрдү жаздырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. ISBN 9967-14-016-X.