Осмонов Талапбек Сайырбекович

Википедия дан

Осмонов Талапбек Сайырбекович (8.6.1959-ж.туулган, Суусамыр кыштагы) - милициянын полковниги, укук коргоочу, жетекчи кызматкер.

  • Фрунзе политехника институтун (1981) жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн (2006).
  • Эмгек жолун 1981-ж. Суусамыр совхозунда инженер, комсомол комитетинин катчысы болуп баштаган.
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде УГАИнин кызматкери жана Чүй облустук ОГАИде начальниктин орун басары (1983-2002) болуп эмгектенген.
  • 2002-жылдан Ысык-Көлдөгү ИИМге караштуу «Дзер-жинец» балдардын эс алуу комплексинде (ДОК) директор.
  • ИИМдин Ардак грамоталары, Кыргыз милициясынын 75, 80 жылдык юбилейлик, I жана II даражадагы «Азамат», Тажикстандын премьер министринин атынан Ресдубликанын 10 жылдык юбилейине карата күмүш медалдары менен сыйланган.
  • Россия ИИМнин 200 жылдык юбилейинде кол саат, Эл аралык Адам кадыр-баркын коргоо лигасына кошкон салымы үчүн анын президенти Советтер Союзунун Баатыры В. И. Варенниковдун колунан эстелик төш белгисин алган.
  • Жаманбай уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9