Осмон, Тайлак уулу

Википедия дан
Осмон Тайлак уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Осмон Тайлак уулу –19-кылымдын 2-жарымында саяк уруусун бийлеген манап. Ал 1867-жылы манаптардын укуктарын Россия өкмөтүнүн «Түркстан аймагын башкаруу боюнча жобосуна», башкача айтканда падышалыктын букаралыгына өтүүгө каршы чыккан. 1868-жылы 27-майда Осмондун жигиттери Тогузторо аймагында жашаган көчмөндөрдү орус падышалыгынын болуштук бирдиги кылып уюштуруу үчүн барган майор Загряжскийдин чакан отрядына кол салган. Загряжскийди Шабдандын отряды гана колго түшүүдөн сактап калган. Осмон олжологон буюм-теримин жана бир аз туткунду алып, Анжиян тарапка кире качкан. Кокон хандыгы Россияга көзкаранды абалда калганына байланыштуу Осмон кайра Кашкарга (Йакуб бектин карамагына) өткөн. Бирок цин-манжур үстөмдүгүнө каршы күрөшүп жаткан Йакуб бек Россия менен мамилесин бузуудан жалтайлап, Осмондун туткундарын орус бийликтерине кайтарып берген. Он чакты жыл Осмон Йакуб бек бийлеген аймакта жашагандан кийин Ала-Тоого кайтып, тынч жашаган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.