Осмон династиясы

Википедия дан

Осмон династиясы, Осмон уулдары (түркчө Osman ogullari) – түрк султандарынын династиясы. Негиздөөчүсү – Конья султандыгын, кийин кайы уруусун баш коштурган Осмон княздыгынын башчысы Осмон I Гази (1299/ 1300–1326 сураган). Ал 1281-ж. ченде атасы Эртогрулдан Конья султандыгынын Түндүк-Батыш тарабындагы аймакты мурастап калып, өз алдынча княздык түзгөн. Белгилүүлөрү: Баязед I Йылдырым («Чагылган»; 1389–1403), Мехмед II Фатих («Басып алуучу»; 1444 жана 1451–81), Селим I Йавуз («Каардуу»; 1512–20), Сулейман I Кануни («Мыйзамчы»; 1520–66), Селим III (1789–1807), Махмуд II (1808–39), Абдул-Хамид II (1876–1909). Түркияда султандык жоюлган соң (1. 11. 1922) Осмон династиясынын акыркы султаны Мехмед VI (1918–22) чет өлкөгө качып кеткен. Түркиянын улуу улуттук чогулушу Осмон династиясынын ханзаадасы Абдул-Межидди халиф шайлаган. 1924-ж. 3-мартта халифаттын жоюлушу менен Осмон тукуму өлкөдөн куулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]