Остготтор

Википедия дан

Остготтор, остроготтор, грейтунгдар – герман уруусу, готтордун чыгыш бутагы. 3-кылымда Кара деңиздин түндүгүндөгү талааларда, айрымдары Крымда жашаган. 4-кылымдын 2-жарымында Эрманарихтин башчылыгы менен уруу союзун түзүшкөн. Бул союзга остготтордон тышкары башка герман уруулары жана ошондой эле скиф-сармат, славян уруулары да кирген. Аны 375-ж. гунндар талкалаган соң, остготтордун көбү Паннонияга оогон. Теодорихтин башчылыгы менен Одоакрдын аскерлерин талкалап, борбору Равеннада жайгашкан. 493-ж. остготтор өз королдугун түзгөн. Гүлдөп турган мезгилинде анын курамына Италия, Сицилия, Альп тоолорунун этегиндеги аймактар, Далмация, Прованс кирген. Остготтордун көпчүлүгү Түндүк жана Чыгыш Италияга отурукташкан. Остготтордун коомдук түзүлүшүнө римдиктердин социалдык жана мамлекеттик-укуктук институттары чоң таасир тийгизген. Рим ак сөөктөрүнө союздаш болгон Теодорихтин кызы Амаласунта (526–534-ж. башкарган) өлтүрүлгөндөн кийин, Византия императору Юстиниан I 535-ж. Остготторго каршы согуш жарыялаган. Согуштун биринчи баскычында византиялыктардын кол башчысы Велисарий остготторду талкалаган. Остготтордун жаңы королу Тотила (541–552-ж. башкарган) Византияга каршы бардык күчтөрдү топтоп, византиялык аскерлерди бир нече жолу талкалаган. Бирок 554-ж. Тагинанын алдында византиялык кол башчы Нарсес остготтордун аскерлерин талкалап, остготтор королдугу биротоло жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]