Готтор

Википедия дан

Готтор, готондор — чыгыш германдар уруусу.

Б. з. башында Балтика деңизинин түштүк жээгинде жана Висланын (төмөнкү агымы) боюнда, 3-кылымда Кара деңиздин түндүк жээгинде жашашкан.

Готтор уруусунун өсүшүнө Кара деңиздин түштүк-батышындагы шаарлардын жана скиф-сармат урууларынын маданияты чоң таасир тийгизген. Готтор остготтор (Днепрдин төмөнкү агымында), вестготтор (Днестрдин төмөнкү агымында) болуп бөлүнгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.