Остеосинтез

Википедия дан

Остеосинтез (остео... жанa синтез)— сыныктарды дарылоодо алардын сынган үчүн туташтыруу жанa остеотомиядан кийин эбине келтирилген сөөктөр ордунан тайбай өсүш үчүн беемдөө. Анын ачык жанa жабык түрү бар.

  • Ачык Остеосинтезде сынган сөөктөрдүн учун бириктириш үчүн металлдан, пластмассадан жасалган конструкцияларды түтүктүү сөөктөрдүн ичине киргизип, пластинкаларды сөөк кыртышына буран бекитет.
  • Жабык Остеосинтезде сөөктөрдүн учуна эбине келтирүү үчүн анын сынган учтарынан бир аз аралыкта темир шиштерди өткөрүп, аларды тогоолорго бекемдейт.
  • Остеосинтезди адистештирилген мед. мекемеде жасайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.