Оюндар теориясы

Википедия дан

Оюндар теориясыматематиканын талаш-тартыш (конфликт) шарттарда оптималдуу чечим кабыл алуунун формалдуу моделдерин изилдөөчү бөлүмү.

Оюндар теориясында согуштук жана укуктук талаш-тартыштар, спорт жана ар кандай кызыктыруучу оюндар, ошондой эле жашоо үчүн биол. күрөштүн ар кандай жагдайлары матем. баяндоо менен чечилиши мүмкүн. Талаш-тартышта ар бир атаандаш өз максатын жана амалын билгизбөөгө аракет кылат. Мына ушундай атаандаштардын алдындагы аракети белгисиз шартта Оюндар теориясы оптимал (өтө ыңгайлуу) чечимди кабыл алуу теориясы ката­ры каралат. Эгер оюнда эки атаан­даш катышып, алардын бири бирин утушу белги менен айырмаланса, анда оюн жааттык деп аталат.

Бул оюнда эки оюнчунун стратегиясы чектүү болсо, анда оюн матрицалуу оюн деп аталат (мис., шахмат оюну). Оюндар теориясынын эң негизги түшүнүгү — оюн, б. а. талаш-тартыш жөнүндөгү формалдуу түшүнүк. Талаш-тартышка катышкан тараптар аракет коалициясы деп аталат, ал эми алардын аракеттери — стратегия; талаш-тартыштын мүмкүн болуучу жыйынтыгы — жагдай делинет, талаш-тартыштын жыйынтыгына кызыккан тараптар кызыкчылык коалициясын түзөт.

Эгер оюнга бир гана аракет коалициясы катышса, андай оюн стратегиялык эмес оюн деп аталат. Бул оюндун түрүно кооператив оюндары кирет. Эгер оюнга эки же андан көп коалиция катышса, анда оюн стратегиялык деп аталат. Оюндар теориясы техникада, медицинада, социологияда чечим кабыл алуудагы айрым негизги аспектплерди математикалаштырууга мүмкүндүк берет.

Оюндар теориясындагы маселелерди чыгаруу дифферен­циал жана интеграл теңдемелерин, ай­рым учурда сызыктуу программалоо маселелерине келтирилет. Оюндар теориясынын маселелерин жакындаштыруу жана сандык методдор менен чыгаруу өздөштүрүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.