Павловдун физиологиялык окуусу

Википедия дан

Павловдун физиологиялык окуусу - И. П. Павлов жанa анын окуучулары иштеп чыккан матер, физиол. окуу.

  • Анын негизинде киши жанa айбанаттын жашоосу чөйрө менен карым-катнашта экени жөнүндө түшүнүк түзулгөн.
  • Павловго чейин физиологдордун көбү организмдин иши — органдардын ишинин суммасы, ар бир органдын иши — анын клеткаларынын ишинин суммасы, ал эми ар-бир клетканын негизги касиеттери туруктуу, ошондуктан чөйрөнүн агенттерине болгон организмдин реакциясы анын орган жанa клеткалардын туруктуулугу менен мүнөздөлөт дешкен.
  • Мындай метафиз. пикир физиол. изилдөөлөрдүн методикасын жанa алардын натыйжасын багыттаган.
  • Павловго чейинки тамак сиңирүү физиологиясын изилдөө организмдин чөйрө менен байланышы жок абалда (наркоздо же борб. нерв системасынын жог. бөлүмдөрүн кесип алып таштаганда) өткөрүлүүчү. Мын­дай тажрыйбалар табиятта бирдиктүү организмдердин чейрө менен өз ара катнашынын мүнөздүү белгилерин жетишерлик көргөзө алган эмес.
  • Организмдин кадимки абалында өтүүчү физиол. процесстерди билүүнү И. П. Павлов жанa анын окуучулары гана ишке ашырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.