Павлов, Павел Никонорович

Википедия дан

ПАВЛОВ Павел Никонорович (1896–1947) – Жетисууда, анын ичинде Түндүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышуучу.
1918-ж. 12-марттан Жетисуу облусунда аскер иштери боюнча өзгөчө укуктуу комиссар.
Токмок ш-нда 1918-ж. Кызыл Гвардия кошуунун, кийин Кызыл Армия кошуундарын түзүшкөн.
Пишпек жана Караколдо Советтерди контрреволюциячыл күчтөрдөн тазалоого, 1918–1920-ж. Жетисуу майданында ак казак орус бандаларын талкалоого катышкан.
Түркстан 25-аткычтар полкунун, Жетисуу 1-аткычтар полкунун командири, Түркстан 39-аткычтар дивизиясында бригада командири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003