Падышаны тактан кулатуу, оюн

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 12—16 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи жана «падыша» шайланат. Калгандары эки топко бөлүнүшөт. Тегерек сызылат, «падыша» ошол тегеректин ортосуна отурат. Оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашылгандан кийин бир топтун оюнчулары тегеректин ичинде, экинчилери анын сыртында турушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчинин буйругу боюнча сызыктын сыртында турган оюнчулар, падышаны сызыктын (тактын) сыртына алып чыгууга, сызыктын ичиндеги оюнчулар болсо падышаны корууга аракеттенишет. Белгиленген убакыттан кийин же болбосо падышаны тактан алышып чыгышкандан кийин, оюнчулар менен алмашышып оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Падышаны көп жолу тактан кулаткан оюнчулардын тобу жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруксуз оюнду баштоого, падышага ордунан жылууга, бир бирине тыюу салынган ыкмаларды колдонууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Падышаны дың жерге отургузса жакшы болот.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, шамдагайлык, чыдамкайлык тарбияланат, бир бирине жардам берүүгө, биримдүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]