Палагина, Нина Николаевна

Википедия дан

Палагина Нина Николаевна (1930-жылдын 5-февралы – 2010-жылдын 18-февралы) – Кыргызстанда психология илимдеринин доктору (1992), профессор (1995) болгон биринчи аял, Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (Москва шаары) жана Педагогикалык илимдер академиясынын (Нью-Йорк шаары) академиги.[1]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нина Николаевна 1930-жылы 5-февралда Орусиянын Куйбышев облусунда туулган, бирок ал бүт өмүрүн Кыргызстанда өткөргөн. Ал Панфилов районунун Кайыңды айылында жашап, ошол жерден мектепке барган. [2]

Палагина Низами атындагы Ташкент пединститутунун психолого-педагогика факультетин (1950), институтту аяктагандан кийин Нина Николаевна Өзбек ССРинин Хорезм педагогикалык институтунун педагогика жана психология кафедрасында мугалимдик эмгек жолун баштаган жана эки жыл иштегенден кийин А. Герцен атындагы Ленинград педагогикалык институтунун психология кафедрасынын аспирантурасына өткөн (1956), 1957- жылдан бери Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда эмгектенет. 1958-жылы Ленинградда кандидаттык диссертациясын коргогон, ал кенже мектеп окуучуларынын адеп-ахлактык түшүнүктөрүн калыптандырууга арналган, ошентип Нина Николаевна республикадагы биринчи психология илимдеринин кандидаты болгон.

Палагина катышуусу менен Кыргыз кыз келиндер пединститутунда мектепке чейинки педагогика жана психология факультети ачылып, ошол мезгилдеги студенттер терең психологиялык билим алууга жетишишкен. Ал жерде 15 жыл иштеп Палагина өзүнүн илимий чыгармачылыгын балдар дүйнөсү, алардын проблемалары менен байланыштарган. 1973-ж.

1973-жылы Нина Николаевнага Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда педагогика жана психология кафедрасын түзүү тапшырмасы берилген.

Палагинага Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда педагогика жана психология кафедрасынын түзүү тапшырмасы берилген. Жаңыдан түзүлгөн кафедра Союздук деңгээлдеги иш чараларга, семинарларга, алдыңкы мугалимдердин тажрыйбаларын демонстрациялоого жетише алган. Палагина Республикабызда базалык психологиялык билими бар алгачкы психолог, биринчи психология илиминин кандидаты жана биринчи психология илиминин доктору. Анын кандидаттык изилдөөсү “Кенже мектеп окуучуларынын моралдык түшүнүктөрүнүн калыптанышына”, а докторлугу – алгачкы балалык куракта элестин калыптанышына арналган. Палагина изилдөөсү дүйнөлүк психология илимине жаңылык киргизгендиги менен баалуу.

Квалификацияны жогорулатуу системасында жогорку окуу жайлардын адистештирилген кафедралары биринчи жолу ачылып жаткан, иштин мазмуну жана методдору билим берүүнүн практикалык маселелерине багытталышы керек болчу. Ташкент жана Ленинград педагогикалык институттарында Н.Н. Палагина мектепте жана балдар бакчасында психологиялык дисциплиналарды практика менен тыгыз байланышта окутууга мүмкүндүк берген окутуунун негизги усулдарын изилдеп чыккан. Анын кесипкөйлүгүнүн башатында А.Н. Леонтьев, А.Р. Лурия, В.Ф. Шаталов, С.Н. Лысенкова, Ш.А. Амонашвили, В.В. Давыдов, Д.Б. Эльконин, Г.М. Андреева, В.В. Лебединский жана башкалар турган, Палагина алардын курстарына катышып, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо илим-изилдөө институтунда бир нече жолу стажировкада болгон.

1992-жылы Орусиянын Билим берүү академиясынын Психология институтунда Нина Николаевна педагогикалык жана жаш курактык психология адистиги боюнча “Кыялдардын башында: балдардын аң-сезимин калыптандыруунун психологиялык механизмдери” деп аталган доктордук диссертациясын коргоп, Кыргыз Республикасындагы психология илимдеринин алгачкы доктору болгон.

1995-жылдан тарта Нина Николаевна Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин психология кафедрасынын профессору болуп иштеген.

Палагина чыныгы илимий мектепти түзө алган: анын жетекчилиги астында 15 аспирант кандидаттык диссертацияларын аткарган, 4 адам коргогон. Алар кандидаттыгын Бишкек, Москва, Ташкент, Тбилиси, Алматы шаарларында коргошкон, бул алардын илимий даярдыгынын жогорку деңгээлинен кабар берет. Анын көптөгөн шакирттери кафедраларды жетектеп, жогорку административдик кызматтарды ээлешти.

Нина Николаевна көп жылдар бою СССР психологдорунун республикалык коомунун мүчөсү болгон, СССРдин психологдорунун съезддерине бир нече жолу делегат болуп шайланган, Эл аралык психология боюнча конференциялардын катышуучусу болгон.[3][4]

Союз мезгилинде, жалпы мамлекетте, ал гана эмес чет өлкөлөрдө 3 жашка чейинки балдардагы элестин калыптанышы изилденген эмес. Бардык илимий булактар, Л. С. Выготский баш болуп, балдардагы элес сюжеттик, ролдук оюндун негизинде 3 жаштан калыптанат деп илимий жыйынтык чыгарышкан. Палагина элдик педагогиканын ыкмаларынын жардамында балдардагы элес 1,5-2 жаштан калыптана тургандыгын эксперименталдык жол аркылуу далилдеген (1992). Палагина элдик педагогикадагы ыкмалардын таасир этүү механизмдерине анализ берүү жана аларды азыркы педагогикалык практикага киргизүү боюнча изилдөөнүн өз алдынча жолун таба алган. Бул багытта Палагинанын жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон. Оюнда чыныгы кубулуштарды жарыш моделдештирүү механизмин колдонуу, эрте курактагы балдардын оюндарын өнүктүрүү (Л. В. Усенко); Социумдун колдоосу, эмоционалдык жугуу механизми балдардын нарктуулуктарынын өнүгүүсүндө (Т. А. Конурбаев); Бала бакчаларда элдик интеллектуалдык оюндарды жандандыруу (Т. Уметов); Кенже мектеп окуучуларынын эмгек активдүүлүктөрүн өстүрүүдө фольклорду колдонуу (Ч. Т. Осмонова); Окуу процессинде, бала бакчада өз ара аракет этүү механизмдерин бөлүү жана аларды педагогикалык процессте колдонууну (П. Я. Гальпериндин иши боюнча) К. Сейдакулова, (Ш. Аманашвили боюнча) Э. К. Омуралиева изилдөөлөрдү ишке ашырган. Акыркы убакта социалдык зарылчылыктардын негизинде Палагина курактык закон ченемдүүлүктөрдү этнопсихология менен байланыштыруунун үстүндө иштеп жатат. Палагина 70 басма табактан ашык илимий эмгектерди жазган.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.Н. Палагинанын олуттуу илимий салымы – фантазиянын сүйлөй баштаганга чейинки формаларын жана анын баштапкы “генетикалык” клеткасын – шарттуу иш-аракеттерди ачып, сүрөттөп берүү. Бул көрүнүш ушул кезге чейин ата мекендик да, чет өлкөлүк психологдорго да байкалбай келген, алар фантазия үч жашка чейин сюжеттик-ролдук оюнда калыптанат деп ырасташкан.

Нина Николаевна бала бакчадагы практикалык психологиянын башатында турган, бул жагынан ага мектепке чейинки билим берүү илим-изилдөө институтунда В.А. Запорожецте өткөн стажировкасы жардам берген, бул институтта Палагина мектепке чейинки мекемелердин практикалык психологдорун даярдоо курстарын аяктаган. Анын илимий колдоосу менен республиканын көптөгөн мектепке чейинки мекемелеринде “Өнүгүү”, “Таланттуу бала” аттуу программалары боюнча мектепке бара элек балдар менен иштер жолго коюлду.

Н.Н. Палагинанын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары мектепке чейинки мекемелер үчүн бүткүл союздук усулдук колдонмолордо пайдаланылган: “Эрте куракта балдар менен оюндар жана көнүгүүлөр” (М., 1985), “Мектепке бара элек балдардын оюну” (М., 1989) ж.б.

Жаш курактык мыйзам ченемдүүлүктөрдүн этностук психология менен байланышы Н.Н.Палагинанын изилдөө ишмердигинде өзгөчө орунду ээлейт, Палагина буга студенттерин да тарткан.

Төмөнкү китептерди мындай иш-чаралардын жыйынтыгы катары атаса болот: “Этнопсихология: теория жана усулдар” (Б., 2001), “Кыргызстандын этностук көп түрдүүлүгү” (Б., 2003), ошондой эле “Этностук маданияттагы бала” аттуу тандалып алынган чыгармалардын жыйнагы (Б., 2005).

Н.Н. Палагина мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын өнүгүү психологиясы, этностук психология жана билим берүү психологиясы боюнча көптөгөн эмгектердин автору. Анын жүздөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн, алардын ичинде 20сы – монографиялар, окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор. Бул китептер биздин республикада гана эмес, ошондой эле анын чегинде да, атап айтканда, Москва, Алматы, Самара жана башка шаарларда басылып чыккан.

Палагина Кыргыз билим берүү институтунун (КБИ) докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңешинин курамына кирген.

Н.Н.Палагинанын негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Эрте жана мектепке чейинки курактагы бала. Фрунзе, 1982-ж.
  • Окуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү балдарды мектепке даярдоонун негизги багыты катары. Фрунзе, 1985-ж.
  • Орус элдик педагогикасында баланын фантазиясынын калыптанышы // Психология маселелери. 1989. №6.
  • Балдардын оозеки чыгармачылыгын өнүктүрүү. Фрунзе, 1991-ж.
  • Кыялдардын башында: балдарды аң-сезимин калыптандыруунун психологиялык механизмдери. М., 1997.
  • Этностук маданиятты жеткирүүнүн эки ыкмасы // Известия АПН. М., 2004.
  • Кыргызстан элдеринин этногенези // КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын жарчысы. Б., 2004.
  • Этностук маданияттагы бала. Псих. чыгармалар / В.П. Иванованын ред. алдында. Б., 2005.
  • Баланы этностук социалдаштыруу механизмдери. Б., 2006.
  • Өнүгүү психологиясы жана жаш курактык психология: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. М., 2006.
  • Эрте курактагы балдардын оюндары, алар менен сабак өтүү (1985).
  • Мектеп жашына чейинки балдардын оюндары (1989).
  • Элестетүүнүн эң алгачкы башаты (1997).
  • Кенже мектеп окуучуларын инсандык багытта тарбиялоодо этикалык аңгемелешүү (2001) (авторлош).
  • Этнопсихология: теориялар жана методикалар (2001).
  • Кыргызстандагы этникалык көп жаралуулар (2003).[5][6][7][8][9]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1995-жылы Нина Николаевнага “Психология” адистиги боюнча профессор илимий наамы ыйгарылган.
  • ВДНХнын коло медалы, “Эмгек ардагери” медалы менен сыйланган
  • “СССРдин эл агартуу отличниги”, “Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги” төш ​​белгиси
  • Кыргыз ССР Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары.

Берилген баа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Палагинанын эки академиянын – Нью-Йорк Илимдер Академиясынын жана Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (Москва шаары) мүчөсү болуп шайланганы анын илимий ишмердигине берилген баа болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

“КОСУ Жарчысы” журналы, 2010-ж., 10-том, №3, 173-174-беттер.

Алар биринчилерден болушкан: Кыргыз-Орус Славян университетинин 25 жылдыгына арналат / түзүүчүлөр: В.А. Воропаева, В.С. Мальнева. - Бишкек: КОСУ. 2018. - 362 б.

Онтогенезде адамдын калыптанышы: психология илимдеринин доктору, профессор, Нью-Йорк Илимдер академиясынын, Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (Москва ш.) академиги Н.Н. Палагинанын илимий идеяларын өнүктүрүүгө арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары / жооптуу редактору В.П. Иванова. – Б.: КОСУ, 2020. 252 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Палагина Нина Николаевна // https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/scientists-kyrgyzstan/33900-palagina-nina-nikolaevna.html

Палагина Н.Н.//https://www.b17.ru/books.php?autor=palagina Archived 2022-01-28 at the Wayback Machine

Палагина Нина Николаевна //https://psyjournals.ru/authors/28186.shtml Archived 2022-01-28 at the Wayback Machine

Палагина Нина Николаевна - информация об авторе //https://moluch.ru/authors/64575/

Доктор психологических наук, профессор Кыргызстанского института образования //http://www.voppsy.ru/authors/PALAGINN.htm

Психология развития и возрастная психология  // http://ellibnb.library.isu.ru/cgi-bin/irbis64r_15/cgiirbis_64.htm?LNG=&Z21ID=&I21DBN=IRCAT&P21DBN=IRCAT&S21STN=1&S21REF=&S21FMT=fullwebr&C21COM=S&S21CNR=30&S21P01=0&S21P02=1&S21P03=A=&S21STR=Палагина%2C%20Нина%20Николаевна Archived 2022-01-29 at the Wayback Machine

Палагина Н. Н. //https://www.elibrary.ru/item.asp?id=37038839(жеткиликсиз шилтеме)

Палагина Нина Николаевна // https://library.gasu.ru/cgi/irbis64r_11/cgiirbis_64.exe?LNG=&Z21ID=&I21DBN=IBIS&P21DBN=IBIS&S21STN=1&S21REF=3&S21FMT=fullwebr&C21COM=S&S21CNR=20&S21P01=0&S21P02=0&S21P03=S=&S21STR=Психология%20--%20Общая%20психология%20--%20Психология%20личности Archived 2022-02-10 at the Wayback Machine

  1. https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/famous-personalities/scientists-kyrgyzstan/33900-palagina-nina-nikolaevna.html
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2022.
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2022.
  4. https://moluch.ru/authors/64575/
  5. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022.
  6. http://www.voppsy.ru/authors/PALAGINN.htm
  7. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2022.
  8. https://www.elibrary.ru/item.asp?id=37038839(жеткиликсиз шилтеме)
  9. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2022.