Пал Эрдөш

Википедия дан
Пал Эрдөш (1992).

Пал Эрдөш (маж. Erdős Pál; Пауль Эрдөш, Paul Erdős, Paul Erdos деп жазылган варианттар учурайт; 1913-жыл 26-март, Будапешт - 1996-жыл 20-сентябрь, Варшава) - XX кылымдын эң таанымал математиктеринин бири. Азыркы математиканын комбинаторика, графтар теориясы, сандар теориясы, математикалык анализ, жакындоолор теориясы, көпчүлүктөр теориясы жана ыктымалдуулук теориясы сыяктуу түрдүү жааттарында иштеген. Волф премиясы баш болгон көптөгөн математика боюнча сыйлыктардын ээси, Эрдөш премиясынын негиздөөчүсү.

Ал жазган илимий макалалардын жана бул макалалардын авторлошторунун саны жагынан ага замандаш математиктердин арасынан эч ким тең келбейт (1500дөн ашык).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдөш саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрдөш өмүр бою 1525ке жакын макала жазган. Бул санды Эйлердин макалаларынын саны менен гана салыштырууга болот. Бул макалалардын көбү авторлоштор менен бирге жазылган. Мындай макалалардын саны беш жүзгө чукул. Адатта математикада чогуу макала жазуу кадыресе көрүнүш эмес, тескерисинче - бөтөнчөлүк. Ошондуктан Эрдөштүн авторлошторунун санынын мынча көп болушу Эрдөш саны деп аталган тамаша түшүнүктү пайда кылган. Бул мындайча аныкталат:

  • Эрдөштүн өзүндө бул сан нөлгө барабар;
  • Эрдөштүн авторлошторунда бул сан бирге барабар;
  • n'ге барабар болгон Эрдөш саны бар авторлоштор n+1 Эрдөш саныны ээ болушат.

Башка сөз менен айтканда, Эрдөш саны - биргелешип иштөө боюнча адамдан Эрдөшкө чейинки эң кыска жолдун узундугу. Кээ бир эсептөөлөргө ылайык, математиктердин 90 %ында 8ден көп эмес Эрдөш саны бар. Бул ар түрдүү "чакан дүйнө" теориялары менен үндөшүп кетет. Бүткөн Эрдөш санына ээ адамдардын маалымат базасын түзүүгө белсенген расмий эмес долбоор бар.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]