Панамериканизм
Көрүнүш
Панамериканизм — тарыхый процессти бурмалап, АКШнын жана Америка континентиндеги башка өлкөлөрдүн тарыхый, экономикалык жана маданий жалпылыгы бар имиш деген чындыкка коошпогон саясий доктрина.
- Панамериканизмди АКШ империализми Латын Америкасындагы өлкөлөрдө өзүнүн саясий-экон., кээде түздөн түз согуштук үстөмдугүн «негиздөө» үчүн колдонууда.
- Панамериканизмди 19-кылымда пайда болуп, 19-кылымдын аягынан аны АКШ Латын Америкасындагы экспансиясып ишке ашыруу үчүн пайдаланган. Империализм доорунда АКШ амер. мамлекеттердин «мүдөөлөрү бирдей» дегенге жамынып, Куба, Мексика ж. б. өлкөлөргө нечен жолу интервенция жасаган.
- АКШнын Латын Америкасындагы экспансиясы экинчи дуйнөлүк согуш мезгилинде (1939—45) жана андан кийин айрыкча күчөгөн. Латын Америкасында өзүнүн экон. жана согуштук саясий позициясын чыңдоого аракеттенген АКШ Амер. мамлекеттер уюмун түзүүгө (1948) активдуу катышкан.
- Бирок Латын Америкасында антиимпер. кыймылдын күчөшү жана эл арасында ынтымак, кызматташтыктын өнүгүшү Панамериканизмдидин негизин бошоңдотууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.