Пантотен кычкылы

Википедия дан
Пантотен кычкылы.

Пантотен кислотасы (В5 витамини) зат алмашуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Нерв системасына жана бөйрөк үстүндөгү без менен калкан безинин ишине таасир этет. Дени соо кишинин күнүмдүк керектөөсү 10 мгдай. Табиятта өтө кеңири тараган. Түрдүү өсүмдүктөр жана жаныбар клеткасында болгондуктан аты грекче «пантоген» — «бардык жерде болуучу» деген сөздөн алынган. Пантотен кычкылынын жетишсиздиги кадимки шартта кезикпейт. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет. А жана В витаминдеринин жетишсиздк себеби ичке ичеги ооруларында,ошондой эле узак убакыт бою антибиотиктерди, сульфаниламиддерди колдонгондон да болот. Гиповитаминоздун алгачкы белгилери

  • Чарчоо
  • Уйкусуздук
  • Депрессия
  • Көңүл айлануу
  • Муундардын оорусу
  • Баштын ооруусу
  • Он эки эли ичеги жараты

Ошондой эле пантотендик жетишсиздикте организмдин жугуштуу ооруларга каршылыгын жоготот жана тез-тез курч оорулар пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8