Панус

Википедия дан

Панус «Манас» эпосунун кейипкери. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Ташкенди бийлеп турган калмак каны. Акунбешим кандын Манастын колунан өлгөнүн угуп, өч алуу үчүн кол курап, Манаска каршы аттанат. Бул кабарды уккан кыргыз мыктылары Асылбек баатыр баш болуп, көптү билген Көкөтөй карыдан Манастын жайын сурашат. Көкөтөйдүн Манаска кошулалы деген сунушуна эл макул болуп, жергиликтүү кыргыздар П-тун артынан жөнөшөт. Булардын жардамы менен Манас жеңишке ээ болуп, Ташкенге П. кандын ордуна Көкөтөй кан көтөрүлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 145, 146; Сагымбай Орозбаков, 3. 35).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4