Панусту жеңүү, Көкөтөйдүн Ташкенге кан шайланышы

Википедия дан

Панусту жеңүү, Көкөтөйдүн Ташкенге кан шайланышы — мекенди душмандардан бошотуу темасына кирген окуялардын жыйынтык бөлүмү. Ташкенди бийлеген Панус кан Акунбешимдин жеңилгенин угуп кол курап Манаска каршы аттанат. Акунбешимдин качкан колун кубалай барган Манастын кошуну жол тосуп чыккан Панустун колуна кез келип, согуш болот. Калмак-кытайлар туруштук бере албай Ташкенди көздөй качышат. Бирок, алардын артынан келген Көкөтөй баш болгон жергиликтүү кыргыз, казак, өзбектер жолун тосуп калып, Панустун колу туш-тушка качып кутулушат. Манас бош калган Ташкенге кирет.

Манас анча көп эмес адамы менен ууда жүрүп Алооке чалгынга жиберген Кыйтууча деген баатырдын колуна кезигип, аны качырат. Акунбешимдин, Панустун качкан-бозгон аскерлери Арагент шаарына чогулуп, Ташкенге аттанганы жатканын уккан Манас утурлай барып согушуп, жеңилген калмак-кытайларды туш-тушка таратат. Арагенттин чоңу Ашарсуу тартуу тартып, жарашып, туугандашат. Тартууга келген кырк бир кыздын бирин Көкөтөй алат. Көкөтөй кары адам экен, кыздын атасын ыраазы кылыш үчүн көп мал берет. Ушундан тартып кыз алса калыңга мал берүү салты калат. Ташкенге Көкөтөйдү кан көтөрүп, Алоокеден коркпогула, кайра келем деп Манас Алтайга кайтат.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында кыска түрдө орун алган: согушпай эле Панус өзү баш иет, Кыйтууча менен, Арагентке чогулган көп кол менен согуш да эскерилбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4