Парабиоз

Википедия дан

Парабиоз (пара жана биоз) —

  1. жандуу ткандын дүүлүктүргүчтөрдүн таасирине карата болгон өзгөчө фазалык реакциясы.

Парабиоз жөнүндөгү түшүнүктү жана теорияны Н. Е. Введенский киргизген (1901) Электр тогу же башка бир физикалык жана химиялык факторлор менен нерв бөлүкчөсүнө таасир эткенде, ошол жерде өткөргүч нервдин реактивдүү касиетинде (ишинде) акырындап өтүүчү жана фазалык мүнөздөгү өзгөрүү жүрөт. Теңдөөчү стадияда дүүлүктүрүүлөр нервдин нормалдуу (соо) бөлүкчөсүндө булчуңдардын бирдей жыйрылуусун ишке ашырышат.

Ал эми 2-парадокстуу стадияда эң күчтүү дүүлүктүргүчтөр начарларына Караганда нервдин өзгөрбөгөн бөлүкчөсүндө булчуңдардын азыраак жыйрылуусун пайда кылат. 3-тормоздоочу стадиясында начар жана күчтүү дүүлүктүргүчтөр нервдин Парабиоздук бөлүгүнүн жогору (үстү) жагында булчуңдардын жыйрылуусун пай­да кылбайт, токтотот. Эгерде дүүлүктүргүчтүн таасири улантылса, нерв өлөт.

Парабиоз жөнүндөгү окуу козголуу жана токтолуу процесстеринин биримдүүлүгүн ачты жана дүүлүгүчтүк менен өткөргүчтөрдүн өз ара байланыштуулугун көрсөттү.

  1. Жасалма жол менен эки (же бир нече) организмди кан айлануу, лим­фа системалары аркылуу кошуу ме­тоду. Бул метод физиологиялык экспериментте организмдердин өз ара гуморалдык таасирин билүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.