Параллелизм

Википедия дан

Параллелизм (грамматикалык жактан – жанаша айтылуучу) – эки же андан артык предметти, көрүнүштү катар коюу менен поэтикалык мазмунду ачып берүү жолу. Мында форма менен предмет конкреттештирилет, автордун ой жүгүртүүсү жандуу жана эркин болот. Параллелизм ыкмасы оозеки чыгармаларда жана төкмө акындардын ырларында да көп кездешет. Мисалы :

Кар эрисе суу болот.

Карыса сакал куу болот.

Кудай алган жамандар

Шүүдүрүм албай суу болот. (Элдик ыр)

Бетеге кетет, бел калат,

Бектер кетет, эл калат.

Осмо кетет, каш калат,

Оомат кетет, баш калат. (Б. Алыкулов)

Мындан табияттагы көрүнүш менен адам турмушундагы көрүнүш салыштырылып, экөө жанаша келип, ойду конкреттештирди. Параллелизмдер түзүлүшүнө жана маанисине карата төрткө бөлүнөт:

  1. тематикалык-психологиялык;
  2. ритмдик;
  3. интонациялык;
  4. лексика- морфологиялык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004