Паранапанема

Википедия дан
Паранапанема.

Паранапанема (исп. Paranapanema) – Бразилиянын түштүк-чыгышындагы дарыя, Парананын сол куймасы. Узундугу 800 кмдей алабынын аянты 99,6 миң км2. Бразилия бөксө тоосунун түштүк бөлүгү менен агат. Орточо чыгымы 900 м3/секдай. Чатынан 80 кмге чейин кеме жүрөт, суу сактагыч, ГЭС бар. Боюнан Пиражу шаары орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]