Мазмунга өтүү

Парваначы

Википедия долбоорунан

ПарваначыКокон хандыгындагы жогорку титулдардын бири. Бул титул мамлекет башчысынын буйругу менен ыйгарылган. Парваначы ханга мамлекетти башкарууга жардам берген, бийлик башындагы экинчи адам болуп эсептелинген. Кызматка дайындалганда, бул титул мамлекеттик бийлик өкүлүнүн айырмалаган белгиси болуп саналган жарлык жана жеке мөөр тапшырылган.

Парваначы хандык кеңештин мүчөсү болгон. Өз ээликтеринен түшкөн кирешеден тышкары, ал мамлекеттик кызматкер катары акы алган. Бийлиги анын хан сарайындагы жеке таасирине жараша болгон. Шахмураддын тушунда Алайдын башкаруучусу Алымбек датка башкы вазир болуп, Парваначы титулун алган. 1877-жылы Ташкентте хандын өкүлү Азизбек парваначынын бийликти ашкере пайдаланганына каршы көтөрүлүш чыккан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.