Фарс тили

Википедия дан
Парс тили‎»‎ барагынан багытталды)

Парсы тили же фарс тили, фарси - перстердин тили. Иранда расмий тил.

Арап өлкөлөрүнүн айрымдарына да тараган. Инди-Европа тил уясындагы иран тилдеринин түштүк-батыш бутагына кирет. Парсы тилинин өнүгүш тарыхы 3 мезгилге бөлүнөт: байыркы (б. з. ч. 6-4-к.), орто (37-к.) жана жаңы (7-кылымдан болжол менен 15-кылымга чейин). Азыркы Парсы тили - тажик жана дари диалекттери менен катар байыркы, орто, жаңы парсы тили тилдеринин тектеш уландысы. Парсы тили орто кылымда Азербайжан менен Индияда да адабий тил катары колдонулган. Парсы тилинин бир нече говору бар. Лексикасында арап, түркий сөздөр учурайт. 19-кылымдан француз, орус, англис сөздөрү кире баштаган. Жазмасы арап графикасынын негизинде түзүлгөн.

Ооганстандын тили көбүнчө "Ифтиза" жана "Вахшатнак" деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.