Мазмунга өтүү

Пассакалья

Википедия дан

Пассакалья (испан.pasar - басып өтүү, calle - көчө) - испандардын алгач ырга, кийин бийге айланган муз, жанры.

Алгач Пассакалья тойго, кечеге келген меймандарды гитаранын коштоосу менен узатуучу бий болгон. 17-кылымда Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнө таралат да, бирок бий эмес аспаптык пьеса түрүндө колдонула баштайт. Пассакалья негизин кайгыны, аза күтүүнү көрсөтүү түзөт. Жай темпте аткарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.