Патронаж

Википедия дан

Патронаж (французча patronage – камкордук) – 3 жашка чейинки балдарды, кош бойлууларды жана кээ бир оорулууларды үйүндө медициналык тейлөө формасы. Дарылоо-алдын алуу мекемелеринин демилгеси менен оорунун алдын алуу чараларын ишке ашыруу, тиричиликте санит.-гигиеналык шарттарды жакшыртуу жана жеке гигиена эрежелерин үйрөтүү максатында жүргүзүлөт. Кош бойлуу аялдар консультациясынын же балдар поликлиникасынын медсестрасы жүргүзөт. Ал түйүлдүктүн өөрчүшү үчүн туура режимдин жана тамактануунун маанисин түшүндүрөт, баланы эмизүү, ымыркайга керек буюм камдоо жөнүндө кеңеш берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]