Педагогикалык коллектив

Википедия дан

Педагогикалык коллектив – билим берүү мекемесинин жалпы эмгек жамааты.

Педагогикалык коллективдин курамына мугалимдер, тарбиячылар, мектеп директору, анын окуу-тарбия иштери б-ча орун басарлары, мектеп дарыгери ж-а психологу кирет. Педагогикалык коллективдин ишмердиги коллектив мүчөлөрүнүн педагогикалык көз караштарынын, иш аракеттеринин биримдигине, окуучу баланын билим-тарбиясына карата жалпы педагогикалык талаптын коюлушуна көз каранды. Бул туурасында А. С. Макаренко мындай дейт: «... Бир да тарбиячы өз бетинче аракеттенүүгө акысы жок. Эң алдын тарбиячылар коллективи болушу керек. А эгер тарбиячылар арасында биримдик жок болсо, коллективдин бирдиктүү иш планы, бирдиктүү үнү, баланын окуу тарбиясына карата бирдиктүү талабы жок болсо, анда ал жерде эч бир тарбиялык процесстин жүрүшү мүмкүн эмес».

Педагогикалык коллективдин ишмердиги мектеп директору тарабынан нукка салынып, жетектелет. Мектеп директору педагогикалык коллективде иштиктүү чыгармачыл эмгектин, изденүүнүн, жагымдуу эмоционалдык кырдаалдын жаралышына жооптуу. Мектеп директору педагогикалык коллективдин мүчөсү ж-а анын алдында жооп берет. Педагогикалык коллективдин жогорку органы - педагогикалык кеңеш. Мында коллегиялдуу негизде билим берүү мекемесинин эң маанилүү маселелери каралат. Педагогикалык коллектив өз ишмердигин окуучулар коллективи м-н тыгыз байланышта жүргүзөт ж-а өз ишинде ата-энелер комитетинин, коомчулуктун иштиктүү жардамына таянат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6