Пейзаждык сүрөттөр

Википедия дан

Мында жаратылыш көрүнүштөрү, табияттын кооз жерлери, же мезгилдик тышкы өзгөзгөрүүлөр жөнүндө мазмун камтылып окуучунун көркөм табити менен кабыл алынышына багыт берилет.
Пейзаж- бул сүрөт өнөрүндө жаратылыш көрүнүшүн чагылдырган жанры. Пейзаж белгилүү бир жаратылыш табият көрүнүштөрүнөн, ошондой эле сүрөтчүнүн кыялдануусунан алынат. Бул учурларда сүрөттөө тибиндеги текст түзүлүп, жазуу ишмердүүлүгүнүн түрлөрү аткарылат. Окуучунун кабыл алуусуна ылайык жаратылыштык көрүнүштүн сын-ссыпатын, абалын салыштыруу, байланыштыруу, же окшоштуруу ыкмалары колдонулат.
Окуучулардын эстетикалык түшүнүгү артып, жаратылыш боёкторуна көңүл бөлүнүп, байкай билүүгө адегенде, оозеки түрүндө, андан кийин жазуу түрүндө текст даярдалат. Пейзаж жанрында эмгектенген сүрөтчүлөр С. Чуйковдун, Г.Айтиевдин, С.Акылбековдун, Б.Жалиловдун жана башкалардын чыгармаларын пайдалануу менен оозеки жазуу кебин өстүрүүгө ылайык эффективдүү ыкма катары эсептелинип, машыктыруу иш-аракеттери жүргүзүлөт.