Пекос

Википедия дан
Пекос (+ Рио-Гранде).
Пекос.

Пекос (Pecos) – АКШнын түштүк-батышындагы дарыя, Рио-Гранденин сол куймасы. Узундугу 1215 км, алабынын аянты 101 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, Льяно-Эстакадо платосун терең өрөөн аркылуу кесип өтөт. Сугатка кеңири пайдаланылгандыгына байланыштуу суусунун орточо чыгымы төмөнкү агымында 8 м3/секдан ашат. Суу сактагыч курулган. Боюнда Карлсбад шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]