Рио-Гранде

Википедия дан
Рио-Гранде.

Рио-Гранде (англ. Rio Grande), Рио-Браво-дель-Норте (исп. Río Bravo del Norte) – АКШ менен Мексикадагы дарыя (эль-Пасо шаарынын чатына чейин эки өлкөнүн чек арасы). Узундугу 2870 км алабынын аянты 570 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, негизинен кургакчыл плато, айрым жерлерде кууш капчыгайлар аркылуу агып, Мексика булуңуна куят. Толугу менен сугатка пайданалынат. Орточо чыгымы чатында 15-20 м3/сек. Ортонку агымында Элефант-Бьютт жана Фалькон ири суу сактагычтары бар. Пресидио (Мексика) шаарынан баштап кеме жүрөт. Боюнда Альбукерке, Эль-Пасо, Ларедо (АКШ), Сьюдад-Хуарес, Нуэво-Ларедо (Мексика) шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]