Пелопоннес

Википедия дан
Пелопоннес.

ПелопоннесГрекиянын түштүгүндөгү жарым арал, Балкан жарым аралынын негизги бөлүгү менен Коринф мойногу аркылуу туташат. Аянты 21,5 миң км2. Жээктери булуң-буйткалуу. Тоолор (эң бийик жери 2404 м, Айос-Илиас чокусу) басымдуу. Пелопоннестин орто бөлүгүндө карст рельефтүү Аркада бөксө тоосу жайгашкан. Жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана), токойлор өсөт. Пелопоннес – ошондой эле тарыхый-географиялык аймак. Анда антика доорунун архитектурасы сакталган. Патры, Коринф, Спарта шаары, Олимпия, Микены шаарынын урандылары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]