Пенетранттуулук

Википедия дан

Пенетранттуулук (лат. penetrantus - жетишүүчү, өтүп кирүүчү) - организмдердин жакын топторунун ар түрдүү особдорунда белгилүү гендин аллелдеринин фенотипке чыгуу жыштыгы. П. термини 1927-ж. Н. В. Тимофеев-Ресовский тарабынан сунуш кылынган. Толук (аллел бардык особдордо чыгат) жана толук эмес (аллел особдордун кайсы - бир бөлүгүнө чыкпайт) П-ка бөлөт. Сандык көрсөткүчү боюнча П. берилген аллел чыккан особдордо % менен чагылдырылат (100 %-толук П.). Толук эмес П. көптөгөн гендердин чыгышына мүнөздүү. Толук эмес П. генетикалык себептердин жана сырткы шарттардын таасири астында келип чыгат. Белгилүү аллелдердин П-гунун механизмдерин жана мүнөзүн билүү медициналык -генетикалык консультациялоодо жана тукум туугандары куума оорулуу "соо" адамдардын мүмкүн болгон генотиптерин аныктоодо абдан маанилүү. Жыныс аркылуу чектелген белгилерди (канаттуулардын тукумдуулугу, жүнүнүн түсү, сүтүнүн майлуулугу), ошондой эле жыныстан көзкаранды белгилерди жөнгө салуучу гендердин фенотипке чыгышын толук эмес П-тун өзгөчө учурлары катары кароого болот. Мисалы, гетерозиготтуу эркектерде кашка баштуулугун жөнгө салуучу гендин аллелдери, гетерозиготтуу аялдарда фенотипке чыкпайт. Бул аллел гомозиготтук абалында аялдардын чачынын суюлушуна жана эркектердин таз болушуна алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]