Пенициллиндер
Пенициллиндер – химимялык түзүлүшү боюнча бири-бирине микроорганизмдерге жана айрым, микроскоптук козукарындарга таасир этүүчү табигый жана чала синтезделген антибиотиктер. П. өз ара конденсирленген b-лактам жана тиазолидин шакекчелеринен турган бициклдүү система мүнөздүү. П. борбордук бөлүгү болуп 6-аминопенициллан к-тасы (6-АПК). 1
S
6 5 2
H2N - CH - CH C(CH3)2
ç ç 4 3 ç
О=C – N ——— CHCOOH
7
П. молекулалары цистеин, валин жана орун алмашкан уксус к-тасынан куралат. П. мол-ларында көмүртектин үч ассимметриялык атому бар: 3-чү, 5-чи, 6-чы. Орун алмашуучулар мейкиндикте жайгашышы 3-чү жана 6-атомдорунда гана коюлган. П. бири биринен радикалы менен айырмаланышат жана алардын биологиялык, физ. химимялык касиеттери ага көз каранды. Эң маанилүү П.: бензилпеницил, феноксиметилпеницил, фенетициллин, метициллин, оксациллин, ампициллин, фенебенициллин жана башка П. ар кайсы реагенттер таасир эткенге алар антибактериялык активдүүлүгүн жоготкон бирикмелерди пайда кылат. Көп учурда реакциялар туруктуулугу төмөн болгон b-лактам шакекчесинин ажырашы менен жүрөт. П. щелочтор, спирттер, аминдер суу эритмелерин, пенициллазаны жана башка таасир эткенде туруктуу эмес пенициллоин к-талары жана алардын туруктуу туундулары – эфирлер, туздар, амиддер алынат. П. сепсисти, пневмонияны, скарлатинаны жана башка ооруларды дарылоодо колдонулат. Биринчи жолу П. толук 1946-ж. Де Виньо синтездеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6