Пенопласттар

Википедия дан

Пенопласттар – газ толтурулган пластмассалар – көбүк полимер материалдары. Алар катыган көбүк сыяктуу түзүлүштө болот. Көбүнчө газ толгон көңдөйчөлүү, бири-бири менен байланышкан (поропласттар) жана байланышпаган болот. Суюк же илээшкек полимерлер көбүктөндүрүү жана катыруу шартына жараша жабык же ачык көңдөйчөлүү П. даярдалат. П. өтө жеңил (суудан 50 эсе жеңил). Суунун таасирине туруктуу, бышык, электр жылуулук, үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Өндүрүштө керектелүүчү П. полистирол, поливинилхлорид, полиуретан жана башка чайырлар даярдалат. Газ пайда кылуучулар катары азобирикмелер, нитробирикмелер, изопентан ж.б. колдонулат. П. кеме, самолет, транспорт жана химимялык  машина курууда, курулушта, радио жана электр техникасында, ошондой эле мебель жасоодо да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]