Перидерма

Википедия дан

Перидерма (пери... жанa гр. derma—тери) — көп жылдык (кээде бир жылдык) өсүмдүктөрдүн сабагында, тамырында пайда болуучу экинчи жабуу тканы.

Ал пробка тканынан (феллема), феллогенден (пробка камбийи) жанa феллодермадан турат. Феллоген эпидермисте, эпидермистин алдындагы катмарда, биринчи кабыктын ич жаккы катмарында, перициклде жанa флоэмада пайда болот. Феллогендин клеткалары бөлүнуп, сырт жана ич жакка утур жаңы клеткаларды түзөт. Сырткы клеткалардын кабыгы суберинденин пробкага айланат, клеткалар болсо өлөт. Проб­ка клеткалардын көп катмарынан ту­рат да, өсүмдүктү тышкы жагымсыз таасирлерден сактайт. Кабык -

Колдонулган адабияттара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.