Перикард

Википедия дан

Перикард (пери... жанa гр. kardia — жүрөк), жүрөк кабы —киши жанa омурткалуу айбанаттардын жүрөк сыртындагы туюк кабы.

Ал 2 кабыкчадан (сырткы жанa ички) туруп, алардын ортосундагы көңдөйдө аз өлчөмдө суюктук болот. Перикардды көпшөк тутумдаштыргыч ткандуу клетчатка каптап, анда лимфа, кан тамырлар, көп нерв учтары бар. Перикардда рецепторлор көп, аларды дүүлүктүргөндө кан жүрүүдө жанa дем алууда өзгөрүүлөр байкалат. Перикарддын сезгениши жөнүндо - Перикардит.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.