Перкуссия

Википедия дан

Перкуссия (каккылоо) — ички органдарды какканда ар кандай добуш чыгуусуна негизделген врачтык изилдөө ыкмасы. Мисалы, өпкөдө аба болгондуктан аны каккылаганда бийик, даана добуш чыгат. Ал эми тыгыз органдардан (боор, жүрөк, булчуңдар жана башкалар) акырын, даана эмес добуш угулат. Ал добуштун чыгышына карата органдардын ордун, чегин, оорулуу өзгөрүүлөрүн билүүгө болот. Каккылоодо өпкөдөн даана эмес добуштун чыгышы анын сезгенүүсүн, плевритти, доңкулдак добуштун чыгышы абанын эң эле көп толушун (өпкө эмфиземасын), өпкөдө көңдөйлөрдүн болушун билгизет. Перкуссия, ошондой эле табарсыктын чоңоюшун, шишигин, ич көңдөйүн изилдөөдө, колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8