Перл Бак

Википедия дан
Пөрл Бак (1932).

Пөрл Сайденстрикер Бак (англ. Pearl Sydenstricker Buck; 1892-жыл 26-июнь — 1973-жыл 6-март) — америкалык жазуучу болгон. Миссионерлердин кызы катары Бак өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн 1934-жылга чейин Кытайдын Чжэнцзян жергесинде өткөргөн. Анын "Жагымдуу жашоо" (англ. The Good Earth) романы 1931-жылы АКШда бестселлер көркөм чыгарма болгон жана 1932-жылы "Пулитцер" сыйлыгын утуп алган. 1938-жылы ал "Кытайдагы дыйкандардын жашоосун бай жана аябай эпикалык кылып баяндаганы үчүн" адабият боюнча Нобел сыйлыгына татыктуу болгон. Ал адабият боюнча "Нобел" сыйлыгын алган алгачкы америкалык аял болуп калган.

1935-жылы Кошмо Штаттарга кайтып баргандан кийин ал үзүрлүү жазууну улантып, аялдардын жана азчылыктын укуктары үчүн күрөшкөн чыгаан ишмер болуп калган. Ошондой эле ал Азия маданияты тууралуу кенен жазып, азиялыктардын жана аралаш расадагылардын атынан кылган аракеттери үчүн таанымал болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]