Перманенттик революция

Википедия дан

Перманенттик революция — үзгүлтүксүз, тынымсыз революция теориясы.

Перманенттик революция идеясын К. Маркс менен Ф. Энгельс «Коммунисттик партиянын манифестинде» (1848), «Коммунисттер Союзуна Борбордук Комитеттин кайрылуусунда» (1850) киргизишкен. Марксизмге негиз салуучулар пролетариаттын жетишерлик күчү, уюмдашкандыгы, таасири жана өз алдынча саясий багыты болгондуктан ал бурж.- демокр. революцияданядан социалисттик революцияга өтүп, өз бийлигин орното алат деп белгилеген. Тынымсыз дегенди К. Маркс жана Ф. Энгельс революциячыл процесстин этаптарынын ырааттуу алмашып турушу деп түшүнүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.