Парс булуңу

Википедия дан
Перс булуңу‎»‎ барагынан багытталды)
Парс булуңу.

Парс булуңу - Инди океанында, Түштүк-Батыш Азиянын жээктеринде. Арап жарым аралы менен бөлүнүп турат. Чыгышында Ормуз кысыгы жана Оман булуңу аркылуу Арап деңизи менен туташат. Гидрологиялык, гидрохимиялык ж. б. касиеттери боюнча Парс булуңу деңиз болуп да саналат. Аянты 240 миң км2. Узундугу 926 км, туурасы 180–320 км, эн терең жери 115 м. Жээктеринде аралдар көп (Бахрейн ж. б.), түштүк бөлүгүндө коралл (шуру) рифтери бар. Шатт-эль-Арап дарыясы куят. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Булуңдун түбүндө жана ага жакын жайгашкан аймактарда мунайдын ири кени (Парс булуңу нефть-газ бассейни) жаткандыктан, стратегиялык мааниси чон. Маанилүү порттору: Фао, Басра (Ырак), Абадан, Бендер-Шахпур (Иран), Эль-Кувейт (Кувейт), Манама (Бахрейн), Умм-Саид (Катар).

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]