Перфорация

Википедия дан

Перфорация (тешилүү) — көңдөй органдарда же ткандарда тешиктин пайда болушу.

Патологиялык жана жасалма болуп айырмаланат.

Патологиялык Перфорация карын жана он эки эли ичегинин жарасында, ошондой эле ичеги ооруларында (аппендицит), травмасында болот. Бул Перфорация өтө оор кабылдайт.

Көңдөй органдар Перфорация болгондо ичиндегиси сыртка агып (мисалы, ич көңдөйүнө), өтө тез ириңдөөчү сезгенүү процесси (перитонит жана башкалар) өөрчүйт. Ошондуктан тезинен хирургиялык операция талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8