Петрозаводск

Википедия дан
Петрозаводск.

Петрозаводск — Россиянын түштүк-батышындагы шаар (1777-жылдан). Карел Республикасынын административдик борбору. Онега көлүндөгү порт. Калкы 263,6 миң (2012). Темир жол түйүнү. Аэропорту бар. Жыгаччылык өнөр-жайы («Сегеж» целлюлоза-кагаз комбинаты, «Питкяранта целлюлоза заводу» ААК) өнүккөн. Кара металлургия («Карель окатышы» ААК, «Вертсильск металл буюмдар заводу» ЖАК), тамак-аш (балык беленделет), электр-энергетика, машина куруу, түстүү металлургия өнөр-жай ишканалары иштейт. Россия Илимдер Академиясынын Карел филиалы, 3 Жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет), педагогикалык академия, коллеждер, китепкана, архив, театр, филармония, консерватория, музейлер бар. Шаар 1703-ж. негизделген. Классицизм стилиндеги курулуш ансамблдери (18-кылым) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]