Мазмунга өтүү

Карилия

Википедия дан

Карилия, Карел Республикасы — орус. Республика Карелия, карел. Karjalan tazavaldu, фин. Karjalan tasavalta, вепс. Karjalan Tazovaldkund, людик Kard’alan tazavald) Оруссиянын Скандинав жарым-аралынын жак бөлүгүнүн түндүк-батышында жайгашкан. Түндүк-чыгышын Ак деңиз, түштүгүн Ладога жана Онега көлдөрү чулгайт. Батышынан Финляндия менен чектешет.

Карилия Республикасы

Негизги маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 180,5 миң км2. Калкы 693,2 миң (2008). Административдик-аймактык жактан 15 административдик районго, 13 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Петрозаводск шаары Түндүк-Батыш федерация округуна кирет.

Карилиянын жайгашуун картасы.

Саясий түзүлүнүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик башкаруу бийлигинин органдар системасы 1978-жылы кабыл алынган конституция тарабынан аныкталат. Карилиянын аймагынын басымдуу бөлүгү Фенноскандиянын чыгышында, Балтика калканынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Табияты көп жеринде калктын жашоосу үчүн орточо, түштүгүндө жагымдуу. Экологиялык абалы калк аз отурукташкан түндүк-чыгыш бөлүгүндө салыштырмалуу канааттандырарлык, өнөр жайлуу борборунда курч мүнөздө. Жери дөңсөө-мореналуу келип, байыркы муз каптоонун издери даана байкалат. Балтика жана Ак деңиздердин таасиринен абасы нымдуу келип, саздар көп кездешет. Батышын жана түндүк-батышын Маанселькя кырка тоосу (бийиктиги 578 мге чейин) ээлейт. Дарыялары (27 миңден ашык; ирилери: Кемь, Выг жана башка) Балтика жана Ак деңиздердин алаптарына кирет. Республикада 60 миңден ашык көл (аймагынын 18%и) бар. Ирилери: Ладога, Онега. Климаты деңизден континенттикке өтмө. Кышы узак, бирок салыштырмалуу жумшак. Январдын Орточо температурасы –9... –14 °C, жайы кыска жана салкын, температурасы тез төмөндөп, нөшөрлөгөн жамгырлар жаайт. Июлдуку 14–16°C. Жылдык жаан чачыны 450 ммден 700 ммге чейин. Ийне жалбырактуу жана аралаш токой аймагынын 1/2бөлүгүндө, көптөгөн дарыя, көлдөрү жана суу сактагычтары республиканын аймагынын 23%ин ээлейт. Кандалакша, Кивач жана Костомукша коруктары уюштурулган. Кен байлыктарынан темир, титан, ванадий, молибден, слюда, алмаз, курулуш материалдары казылып алынат. Ошондой эле шунгит кенинин запасы табылган. Калкынын негизин орустар (71,3%) түзөт, ошондой эле карелдер (11%), беларустар, финндер жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75%. Ири шаарлары: Кондопога, Сегежа, Карилиянын аймагы 9–12-кылымдардын башында Киев Русуна, 12-кылымдан Новгород Республикасына карап, 1478-жылы Орус мамлекетине кошулган. 1721-жылы аймагынын бир бөлүгүн (Карел мойногу, Түндүк Ладога бою) шведдер басып алган. Кийинчерээк Россияга кайтарылган. 1920-жылы РСФСРдин курамында Карел эмгек коммунасы, 1923-жылы июлда Карел АССРи (1940-жылдын 31-мартынан 1956-жылдын 16-июлуна чейин СССРдин курамында Карел-Финн ССРи). 1991-жылдын ноябрынан Карел Республикасы. Карелия Россияда өнүккөн токой өнөр жай комплекси (кагаздын 20%; кагаз каптардын 60%, 1-орун да; иштетилүүчү жыгачтын 6% жана целлюлозанын 7,3%, 5-орунда; тактай материалдардын 3,9%, 7-орунда; картондун 2,6%, 9-орунда), темир кенин казып алуу (10%) жана трактор өндүрүшү менен (30%ке жакын, токой даярдоочу)айырмаланат. Аймактын дүң продукциясынын көлөмү 34041,4 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 41,4%, айыл чарбасыныкы 2,6%. өнөр жайдын башкы тармактары: токой (өнөр жай түзүмүндөгү үлүшү 45,2%), кара металлургия (12,8%), тамак-аш (12,3%), электр энергетика (14,1%), машина куруу (5,4%), түстүү металлургия (5%; алюминий өндүрүшү). А. ч-га жарактуу жери 124,3 миң га (жер фондусунун 1%тен азы), анын 50%и айдоо. Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Үй куштары багылат. Териси баалуу айбанаттар асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 7873,8 км (анын 6673,8 кми асфальтталган), суу жолунуку 3500 км. Онега, Ладога көлдөрүндө, Беломор-Балтика каналында жана Ак деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Петрозаводск, Медвежьегорск, Кондопога, Сегежа, Беломорск. Карелияда Марс суусу (алгачкы орус курорту; 1719-жылдан) жана Сортавала курорттору бар. Жалпы билим берүүчү 290, кесиптик башталгыч (20) жана орто (17) билим берүүчү окуу жайлары, 14 мамлекеттик жогорку окуу жай (филиалдары менен), илимий борбор иштейт. Беш театр (анын ичинде муз., куурчак), филармония, 20дай музей (анын ичинде мамлекеттик көркөм искусство, край таануу жана башка), 4 китепкана бар. «Кижи» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык жана этнографиялык музей-коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]