Печора

Википедия дан

ПечораКоми Республикасы менен Ненец автономия округундагы дарыя. Узундугу 1809 км; алабынын аянты 322 миң км2. Түндүк Уралдан башталып, Печора ойдуңу аркылуу агат; чатына 130 км калганда 2 салаага - Чоң Печора, Кичи Печорага бөлүнүп кетет. Баренц деңизинин Печора колтугуна куярда дельтаны (жазылыгы 45 кмдей) пайда кылат. Негизги куймалары: Илыч, Уса (оң), Ижма, Цильма (сол). Орточо чыгымы 4100 м3/сек. Жазында кирип, жайкы жамгырдан ташкындайт. Октябрдын аягынан июнга чейин муз каптайт. Усть-Уньяга чейин кеме каттайт (Троицко-Печорскиге чейин үзгүлтүксүз). Деңиз кемелери Нарьян-Марга чейин жетет. Балык (сёмга, май канат, ряпушка ж. б.) кармалып, сал агызылат. Боюнда Печора, Нарьян-Мар шаары, жайгашкан. Илыч дарыясы куйган жерде Печора-Илыч коругу уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]