Пилюгин Николай Алексеевич

Википедия дан

Пилюгин Николай Алексеевич (5 (18). 5. 1908-ж. т. - 2 август 1982, Москва ) — автоматика жанa телемеханика боюнча сов. илимпоз.

  • СССР ИАнын акад. (1966; корр. мүчө, 1958). Эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956, 1961).
  • 1967-жылдан СССР ИАнын Президиум мүчөсү.
  • 1940-жылдан КПСС мүчесү. Бау­ман атн. Москва жог. тех. окуу жайын бүтүп (1935), Н. Е. Жуковский атн. Борб. аэрогидродинамикалык институтта (1934—1941) иштеген.
  • 1969- жылдан Москва радиотех., электр- тех. жанa автоматика ин-тунда кафед­ра башчысы, проф. (1970). Ал башкаруу системасынын башкы конст­руктору; анын жетекчилиги менен Жер­дин орбитага чыгарылма сов. жасалма спутниктери, көптөгөн кос­мос кеменин ракета алып жүргүчтөрүнүн башкаруу системасы даярдалган.
  • СССР Жог. Советинин (7—10- шайл.) депутаты.
  • Лениндик сыйл. (1957), СССР мамл. сыйл. (1967) лау­реаты.
  • Үч Ленин ордени, Октябрь Революцbясы орденн жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.