Пионт Денис Ефремович
Көрүнүш
Пионт Денис Ефремович (1903, Ош облусу, Сузак району, Спасовка айлы – 1999, ошол эле жер) – айыл-чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. 1927-жылдан «Красный Октябрь» айыл-чарба артелинин дыйканчылык бригадаеынын бригадири. 1931-жылдан Жалал-Абад МТСинде жумушчу болуп иштеген, 1945- жылдан Сузак МТСинин директору. 1956-ж. МТС тейлеген колхоздор 4685 га аянттын ар гектарынан 28,1 ц пахта жыйнап алган. 1955-ж. МТС мамлекеттик каражаттан 105 миң, 1956-ж. 133 миң сомду үнөмдөгөн. 1959–63-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты[2]. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
- ↑ Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
- ↑ Список депутатов Верховного Совета СССР V созыва