Пиридоксин

Википедия дан

Пиридоксин (В6 витамини) белоктордун негизги бөлүгүн түзүүчү аминокычкылдардын алмашуусуна катышат, белок жана майдын нормалдуу сиңишин камсыз кылат, азот алмашууда мааниси чоң. Дени соо кишинин суткалык керектөөсү чоңдордо 1,5— 2,8 мг, балдарда 0,5—2 мг. Вв витамининин жетишсиздиги жаш балдардын өсүүсүн токтотот, аз кандуулук, ичеги карын ишинин бузулушу, баланын тынчсыздануусу менен коштолот, боюнда бар аялдарда — бет, моюн, көкүрөк, баш териси сезгенет. Вс, витамини эт, балык, сүттө, бодо малдын боорунда, кургак пиво ачыткысында, ошондой эле көпчүлүк өсүмдүк тектүү продуктуларда аз санда болот. В6 витаминин өсүп келе жаткан организм, боюнда бар жана бала эмизген аялдар, түндүктө жашагандар көбүрөөк талап кылат. Кадимки шартта тамактанганда анын жетишсиздиги болбойт. Себеби кишинин организминде пиридоксинди ичеги бактериялары жетишээрлик синтездейт. Антибиотик жана сульфаниламид препараттарын ичкенде ичеги микроорганизмдеринин пиридоксинди синтездөөсү төмөндөйт. Ошондуктан бул дарыларды врачтын көзөмөлүндө гана колдонуу керек. Пиридоксин кычкылы, жегич, жогорку температурага туруктуу, бирок күн нурунун таасиринен бузулат. Тамакты бышырганда витаминдин активдүү составдык бөлүгү ажырап, пайдалуу болуп калат. Азыктарды көпкө сактаганда бул витамин азаят. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8