Питекантроп

Википедия дан

Питекантроп (грекче πίθηκος – маймыл жана ἄνθρωπος – адам) – адам сымал маймылдын сөөк калдыктары. Аны голландиялык окумуштуу Э. Дюбуа 1890-92-жылдары Индонезиянын Ява аралынан тапкан. Төртүнчүлүк мезгилдин башталышында (жаңы маалыматтар боюнча болжол менен мындан 1,2 млн жыл мурда) бул маймылдар өтө чоң эмес, үйүрүйүр болуп жашап, маймылдык сапаттан ажырабаса да, эки буту менен ишенимдүү басып, колдору да жакшы өнүккөн. Эң биринчи жөнөкөй таш куралдарды, таш чокморлорду жасашкан. Бул таш куралдарды археологдор казылып алынган Питекантроптордун сөөгүнүн жанынан табышкан. Питекантроптордун мээсинин көлөмү 900–1200 см³ге жеткен. Питекантроптордун азыркы адамдан айырмаланган негизги өзгөчөлүгү – анын ээк сөөгү жок болгондуктан, алардын сүйлөө аппараты өнүккөн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]