Пишпектеги 1917- жылдагы 31-декабрь коому

Википедия дан

ПИШПЕКТЕГИ 1917-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЬ КООМУ – революциячыл уюм. Пишпектеги жумушчу, солдат жана шаар кедейлеринин 1917-жылы 31-декабрдагы жалпы шаардык жыйынында большевиктер түзгөн. Коомдун атынан большевиктер өз өкүлдөрүн жыйналыштарга, съезддерге жиберишип, башкаруу ишине катышкан. Коомдун программасы, уставы болбогону менен, Пишпек уездинде советтерди большевиктештирүүдө өз салымын кошкон. Совет бийлиги орногондон кийин (1918-жылы, март) таркатылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.