Планеталар аралык чөйрө

Википедия дан

Планеталар аралык чөйрө — жылдыз тутумундагы планеталар аралык мейкиндикке толтурулган ар кандай заттар.

Ал Күндүн айланасында айланган катуу телолор, ар кандай өлчөмдөгү майда бөлүкчөлөр жана электр заряды менен заряддалган элементардык бөлүкчөлөрдөн (иондор жана электрондор) турат. Андан сырткары Планеталар аралык чөйрөгө галактикалык космостук нурлануулар келип түшөт.

Катуу телолор жана майда бөлүк-чөлөрдүн өлчөмү жүздөгөн метрден микронго чейинки өлчөмдө болуп, алар кичине планеталардын кагылышынан улам быркырап талкалануудан пайда болот. Планеталар аралык чөйрөнүн дагы бир негизги булагы болуп кометалардын бузулушу.

Планеталар аралык чөйрөдөгү катуу телолук булак метеордук телолордун Жердин атмосферасынын кагылышынан пайда болушу.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0